Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 113
Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылындагы өндүрүштүк аймактан 10,0 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылындагы өндүрүштүк аймактан 10,0 га жер аянтын 20 жылдык мөөнөткө ОсОО “Кыргыз Констракшн Инжиниринг” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде ижарага берүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисине тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
4. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |