Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 114
Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына жаңыдан балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасын “Келечек Үмүтү” балдар бакчасы деп атоого макулдук берилсин.
2. “Келечек Үмүтү” балдар бакчасына 2 (эки) толук күндүү, 1 (бир) кыска мөөнөттүү тайпа ачууга макулдук берилсин.
3. Жаңыдан ачылган бала бакчасына штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
5. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К.Шакиров |