Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 116
Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын 60,0 га жер аянтына жасалган Башкы планына деталдык пландаштыруу долбоорун жасоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, элди турак жай менен камсыз кылуу максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын 60,0 га жер аянтына жасалган Башкы планына деталдык пландаштыруу долбоорун жасоо үчүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 31 11 статьясынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын эсебинен 1 050 000 (бир миллион элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |