Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 117
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасын колдоо максатында (субьсидия) 2025-жылга бекитилген бюджетинин 31 11 статьясынан үнөмдөлүп калган акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |