Редакцияот 04.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2025-жылдын 4-ноябры № 120

 Суу-Башы  айыл аймагынын Бужум айылындагы 120,0 га жер аянтына  жасалган Башкы планына деталдык пландаштыруу долбоорун жасоо үчүн, 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

                              

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын  3-ноябрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы 120,0 га жер аянтына  жасалган Башкы планына деталдык пландаштыруу долбоорун жасоо үчүн, 2 446 833 (эки миллион төрт жүз кырк алты миң сегиз жүз отуз үч) сом акча каражаты 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.    Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Шакиров