Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-ноябры № 123
Суу-Башы айыл аймагындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-ноябрындагы №491 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1-пункт: Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Токой бала бакчасынын филиалы болуп ачылган Бөжөй айылындагы бала бакчасына 1 (бир) кыска мөөнөттүү жана Кара-Булак айылындагы Жаш-Балапан бала бакчасына 1 (бир) толук күндүү кошумча тайпаларды ачууга макулдук берилсин.
2. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |