Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы алымча кошумчалар менен бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы боюнча иш алып баруу жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |