Редакцияот 31.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 7

Бекмолдо  айыл өкмөтүнүн алдындагы  коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү жөнүндө

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча Бекмолдо  айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кеңешинин  VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы  токтом  кылат:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, Талас областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аксакалдар  Сотунун төрагасы С.Мамбеталиевге  милдеттендирилсин.

 

Төрага 

С.Осмонов

                                       Бекмолдо айылдык Кенешинин 2023-жылдын

                                       31-мартындагы   VIII-чакырылышынын     

                                 сессиясынын  № 7 токтомунун менен

                                       бекитилген

Бекмолдо  айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы (КААБ)

 

.                                         1.Жалпы жоболор

  1. Коомдук алдын алуу борбору мындан ары (КААБ)-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары(ЖОБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым калктуу конуштардын тиешелуу аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргузүүгү ЖӨӨБ менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү администратавдик аймакта түзулүүчү комерциялык уюм эмес.
  2.  Уюмдун толук аталышы:

–Бекмолдо   айыл өкмөтүнүн  «коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикме.

- расмий тилде Обшественное обьеденение «Общественно-профилактический центр»(ОПЦ) Бекмолдоевского айыл окмоту.

Уюмдун кыскартылган аталышы:

-Бекмолдо   айыл өкмөтүнун «КААБ » КБ . «ОПЦ» ОО

3.  Коомдук алдын алуу борбору өз ишин «Кыргыз Республиксынын Мыйзамына, Кыргыз республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө жана чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук  актыларына жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ушул уставка ылайык ишке ашырат.

4. КААБ юридикалык өз алдынча мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөрү менен штампы бар жак болуп саналат.

5. КААБ нун иши ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, инсанды урматто жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.

6. КААБнун юридикалык дареги: Бекмолдо   айыл өкмөтү,  Жумагул уулу Алымкул көчөсү №50

7. КААБнын туруктуу иш алып баруучу органынын Кенешишин юридикалык дареги: Бекмолдо  айыл өкмөтү , Жумагул уулу Алымкул  көчөсү № 50.

 

2. КААБнун максаттары жана милдеттери

8. КААБнун максаты ЖООБнун жергиликтүү коомдоштуктун,жарандык коомдун, Бекмолдо  айылында  жашаган,менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга,аныктоого,бөгөт коюуга,аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу.жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.

9. КААБнун милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү.

- укутук билимдерди пропагандалоо.

-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу,аларды жасоого мүмкундук берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын,эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу.

- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышу.

- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укутук  актылардын долбоорлорун талкулоого,тийиштүү сунуштарды даярдоого катышу.

- Бекмолдо  айыл өкмөтүнүн курамына кирүүчу айрым участоктордун,калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү.

9.Кылмыштуулуктун алдын алуу , коомдук тартипти сактоо,мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырат.

10. КААБнун ишинин артыкчылык багыттары болуп төмөнкүлөр белгиленет:

- жалпы алдын алууну (социалдык,экономикалык,саясий укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууга мыйзам бузууларга жол бербөө) камсыз кылуу.                         

3. КААБнын укуктары жана милдеттери:

12. КААБнун озүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:

- ЖООБ органдарында жана мамлекеттик бийлик органдарында өз укугун,КААБнун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана билдирүүгө:

- КААБнун иши жөнүндө  маалыматтарды жайылтууга:

- уставтын максаттарын ишке ашырууга тиешелуүү маселелер боюнча демилге которүүгө жана мамлекеттик,ЖООБ  бийлик органдарына  сунуштарды киргизүүгө:

- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө,КААБнун ишинин максаттарына шайкеш келген,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого:

- Бекмолдо  айылында жайгашкан ишкана мекемелердин жана комерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга:

- ЖОБОнын жыйындарында, конференцияларда жана семинарларда КААБнун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө ички жана чет өлкөдөн инвестицияларды гранттарды жана башка трансферттерди тартууда укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга: