Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/3
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы А.Бокоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :
1. 2024-жылдын ноябрь айынан ушул кезге чейинки мезгилде өткөрүлгөн 11 сессиянын ичинен айылдык кеңештин депутаты Омуракунова Жыргал Маамытовна 7 сессиянын ишине эч себепсиз катышпагандыгы белгиленсин .
2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Омуракунова Жыргал Маамытовнага “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 10-пунктуна ылайык мыйзамдуулугун карап,тиешелүү жыйынтык чыгарып берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин этика,регламент,укук коргоо,мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |