Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/4
Ак-Сай өрөөнүндөгү “Кел-Суу” участкасы боюнча муниципалдык ишкананын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Өмүрбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :
1. Ак-Сай өрөөнүндөгү Баш-Кайыңды айыл аймагына тиешелүү “Кел-Суу” көлү боюнча “Баш-Кайыңды” муниципалдык ишканасы жакшы иштерди жүргүзүп келгендиги белгиленсин.
2. 2026-жылдан баштап “Кел-Суу” көлү боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча акча каражаттарын түшүрүү боюнча иш аракеттер көрүлсүн жана тиешелүү иштер алынып барылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |