Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/5
Баш-Кайыңды айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 502 токтомунун тиркемесинде жазылган жобону талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө Жобосу № 1-тикемеге ылайык бекитилсин.
2. Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө келишимдин формасы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобого ылайык иш алып баруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтунүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |