Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/6
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы 1-Май айылына композитор,Кыргыз Республикасынын Эл артисти,Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жумамүдүн Шералиевдин атын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы 1-Май айылына композитор,Кыргыз Республикасынын Эл артисти,Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жумамүдүн Шералиевдин аты берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |