Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна)
Камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу деп камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу (камсыз кылуу) эсебине кабыл алынуучу активдер түшүнүлөт.
2. Ушул Эрежелер камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу (камсыз кылуу) эсебине кабыл алынуучу активдерге карата талаптарды белгилейт.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине кабыл алынуучу активдер ишенимдүүлүк, кайтарымдуулук, кирешелүүлүк, ликвиддүүлүк жана диверсификация шарттарын канааттандырууга тийиш.
2-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине кабыл алынуучу активдердин түрлөрү
4. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине активдердин төмөнкү түрлөрү кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, муниципалдык баалуу кагаздар;
2) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында листингдин эң жогорку жана андан кийинки категорияларында турган баалуу кагаздар (мамлекеттик жана муниципалдык облигациялардан тышкары);
3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, ушул Эрежелердин 3-пунктунун талаптарына шайкеш келген баалуу кагаздар;
4) коммерциялык уюмдардын капиталына катышуу укугу (акционердик коомдорду, акыркы 3 жыл ичинде кирешелүү иши бар үлүштүк инвестициялык фонддордун инвестициялык үлүштөрүн кошпогондо, чарбалык шериктештиктердеги жана коомдордогу үлүштөр);
5) банктын талаптагыдай эмес ишкердик бедели жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат жок болгондо банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда эки жылдан кем эмес чыгашасыз иш жүргүзгөн жана мурдагы эки отчеттук мезгил үчүн тышкы аудитордун оң корутундусу бар банктардагы салымдар (депозиттер);
6) кыймылсыз мүлк;
7) кайра камсыздандыруучулардын камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүшү;
8) бир кайра камсыздандыруучунун камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүшү (билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервиндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүшүнөн тышкары);
9) кайра камсыздандырууга кабыл алынуучу тобокелдиктер боюнча сыйлыктардын депосу;
10) милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучулардын дебитордук карызын кошпогондо, камсыздандырылуучулардын, камсыздандыруу ортомчуларынын камсыздандыруу сыйлыктары (төгүмдөрү) боюнча дебитордук карызы;
11) милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучулардын дебитордук карызы;
12) кайра камсыздандыруу жана кошо камсыздандыруу операциялары боюнча кайра камсыздандыруучулардын, кайра камсыздандырылуучулардын жана камсыздандыруучулардын дебитордук карызы;
13) күрөө милдеттенмесин милдеттүү түрдө тариздөө менен зайымдар;
14) накталай акча, банктардагы эсептердеги акча каражаттары;
15) алтын жана күмүш куймалары;
16) Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган кайра камсыздандыруучулардын үлүшүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан камсыздандыруу резервдерине тиешеси жок камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине кабыл алынуучу активдер.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса кайра камсыздандыруучунун үлүшүн алып салганда камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарынын 80 пайызынан кем эмеси Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияланууга тийиш.
6. Камсыздандыруучулар өздөрүнүн камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарын ушул Эрежелерде каралгандан башкача түрдө жайгаштыра албайт.
3-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине кабыл алынуучу активдердин түзүмүнө карата талаптар
7. Камсыздандыруу уюмунун ишинин ушул Эрежелердин 3-пунктунда саналган принциптерге шайкештиги ушул Эрежелерге тиркелген активдердин жана резервдердин түзүмдүк катышынын таблицасында көрсөтүлгөн түзүмдүк катыштарды аткаруу менен аныкталат.
Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жабуу эсебине кабыл алынуучу активдердин жалпы наркы камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун кем болбоого тийиш.
8. Таблица боюнча катыштарды эсептөөдө активдердин наркы деп алардын баланстык наркы түшүнүлөт.
|
| Камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу эрежелерине тиркеме |