Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/7
Баш-Кайыңды айыл аймагында коомдук ишмер Савитакунов Алымбек Савитакуновичтин музейин ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айылындагы айылдык клубдун кире бериш жерине коомдук ишмер Савитакунов Алымбек Савитакунович атындагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын музейин ачууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |