Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна)
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан, төмөнкү пруденциалык ченемдердин түрлөрүн белгилейт.
1) төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдери;
2) финансылык туруктуулуктун ченемдери.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү кабыл алынган милдеттенмелердин жана активдердин ортосундагы ченемдик катыштарды алардын ликвиддүүлүгүн эске алуу менен сактоо болуп саналат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн;
2) камсыздандыруу резервдеринин өлчөмдөрүн жана башка милдеттенмелерди.
4. Ушул Нускаманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн ченемдик маанилери жана эсептөө методикалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2-глава. Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдери
5. Төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөнкү ченемдерин сактоого тийиш:
1) жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми, ал жогорку ликвиддүү активдердин наркынын камсыздандыруу резервдеринин суммасына карата катышы катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Жач - жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми;
ЖА - ушул Нускаманын 3-главасына ылайык сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча алардын классификациясын эске алуу менен эсептелген жогорку ликвиддүү активдердин наркы;
PC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талаптарына ылайык эсептелген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул резервдердеги үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш;
2) бардык активдердин наркынын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен, камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин суммасына азайтылган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө болгон катышы катары эсептелген капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми, төмөнкү формула боюнча:
мында:
Нк - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталдык жетиштүүлүгүнүн ченеми;
A - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун бардык активдеринин наркы, алардын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен, ушул Нускаманын 3-главасына ылайык эсептелген;
PC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талаптарына ылайык эсептелген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул резервдердеги үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен;
М - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмелери, камсыздандыруу резервдеринин суммасын кошпогондо;
Мк - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталдык жетиштүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш;
3) учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүктүн ченеми, камсыздандыруу сыйлыктарынын нетто камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана операциялык чыгашалардын суммасына болгон катышы катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Нут - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн ченеми;
КСн - камсыздандыруу сыйлыгынын неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде алынган камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы, кайра камсыздандырууга берилген сыйлыктарын эсептен чыгарып салуу менен;
КК - кайра камсыздандыруу комиссиясы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде кайра камсыздандыруучудан алынган комиссиялыктардын суммасы;
КТн - камсыздандыруу төлөмдөрүнүн неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен;
ОЧ - операциялык чыгашалар.
Көрсөткүч камсыздандыруу төлөмдөрүнө (болгон чыгымдарга) учурдагы чыгашаларды жана ишти жүргүзүүгө учурдагы чыгашаларды жабуу үчүн камсыздандыруу сыйлыктарынын келип түшүүлөрү түрүндөгү каражаттардын келүүсүнүн жетиштүүлүгүн мүнөздөйт. Бул көрсөткүч кайра камсыздандыруу боюнча операцияларды эске албастан эсептелет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш.