Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 17-декабры № 8

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

депутаттарына чек араларды бекитип берүү жөнүндө

 

Кеңештин төрайымы А.К.Асадованын депутаттарга чек араларды бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» №3 Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1 Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын чек аралары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары бекитилген чек араларда шайлоочулар менен туруктуу байланышта болсун.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин төрайымынын орун басарлары П.И. Лугмага, Н.Б. Асаналиевке жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.