Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/8
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазылган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы аткарыла турган иштер боюнча өнүктүрүү фонддорго жазылган долбоорлор тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы токтом кылат :
1. Тиешелүү акча каражатынан төмөндөгү жумуштарга өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин:
- Баш-Кайыңды айылындагы ФАПтын ички ремонтуна-155605 сом;
- Өзгөрүш айылынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга-162869 сом;
- Өзгөрүш айылындагы кампага дан эгип кургатуучу жайга-257545 сом;
- Өзгөрүш айылындагы бала бакчанын ички ремонтуна-163066 сом;
- Баш-Кайыңды айылындагы паркты ремонттон өткөрүүгө-
- Талды-Суу айылынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга -282542 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |