Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 21-ноябры №11/9
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Кадыров Алмастын көчөгө ат коюу боюнча кайрылуусу жөнүндө
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Кадыров Алмастын кайрылуусун талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айылындагы ат бериле элек көчөлөрдү тактап чыккандан кийин,ошол көчөдө жашаган айыл тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде көчөгө ат берилери белгиленсин.
2. Баш-Кайыңды айылынын ички көчөлөрүндөгү ат бериле элек көчөлөр боюнча тактоо иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн турак жай адисине тапшырылсын.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |