ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырылышынын кезексиз ачык IХ сессиясынын
2025-жылдын 10-октябрындагы № 56-2
“Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө”
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Москва районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу” долбоору боюнча дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу үчүн өздүк салымды төлөө жана «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасына субсидияны которуу зарылдыгына байланыштуу
Төрт-Гүл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу” долбоору боюнча дөңгөлөктүү экскаватор сатып алуу үчүн өздүк салымды төлөө жана кочегарлардын айлык эмгек акылары боюнча карызды жабуу максатында, төмөндө көрсөтүлгөн бөлүм боюнча акча каражаттарын 4-чейректен 3-чейрекке жылдыруу:
Бөлүм | берене | элемент | 3кв(сом) | 4кв(сом) |
70629 | 2511 | 25111100 | +200000 | -200000 |
70629 | 2222 | 22221200 | -50000 | +50000 |
70629 | 3113 | 31131220 | -150000 | +150000 |
70629 | 3111 | 31113290 | -1400000 | +1400000 |
70629 | 3112 | 31121290 | +1400000 | -1400000 |
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсульдаевга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |