3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмүн, камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) базалык камсыздандыруу сыйлыгы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин түзүү боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эсептелген комиссиялык сый акыны алып салганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу сыйлыгынын жана салыктардын (чегерүүлөрдүн) 15 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү камсыздандыруу сыйлыгы;
2) эсептөө датасы - камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө жүргүзүлүүчү дата;
3) кайра камсыздандыруучунун камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги үлүшү - камсыздандыруу уюмунун - цеденттин активи, эсептөө датасына карата камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча кайра камсыздандыруучунун милдеттенмелеринин бир бөлүгүн чагылдырат, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча цедентке комиссиялык сый акы төлөөгө байланыштуу милдеттенмелерди кошпогондо. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги кайра камсыздандыруучунун (кайра камсыздандыруучулардын) үлүшү ар бир келишим (келишимдер тобу) боюнча кайра камсыздандыруу келишиминин (келишимдеринин) шарттарына ылайык аныкталат. Камсыздандыруучу өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерди эсептөө менен бир эле убакта камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги кайра камсыздандыруучулардын катышуу үлүшүн эсептейт;
4) иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыгы - келишимдин отчеттук мезгилден тышкары колдонуу мезгилине тиешелүү келишим боюнча эсептелген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) бир бөлүгү, кийинки отчеттук мезгилдерде келип чыгышы мүмкүн болгон алдыдагы төлөмдөрдү камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди аткарууга арналган;
5) нетто-сыйлык (бөлүп төлөөдөгү нетто-төгүмдөр) - актуарий тарабынан бааланган акчанын суммасы, ал камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башка чыгымдарын жабууну эске албаганда, камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча гана милдеттенмелерди алгандыгы үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна төлөнүүгө тийиш;
6) жөнгө салынбаган доомат - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу уюмуна коюлган талап, ал боюнча камсыздандыруу төлөмү жүзөгө ашырылган эмес же толук көлөмдө жүзөгө ашырылган эмес;
7) келтирилген күтүлүүчү нарк - эсептөө датасы менен камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдүн) келип түшкөн датасынын же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу датасынын ортосундагы убакыт аралыгын эске алуу менен эсептелген камсыздандыруу сыйлыктарынын (төгүмдөрүнүн) же камсыздандыруу төлөмдөрүнүн же болбосо чыгашалардын күтүлүүчү (ыктымалдуу) наркы;
8) билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви - камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруучунун отчеттук датага (отчеттук датанын аягына) карата аткарылбаган же толук эмес аткарылган милдеттенмелерин баалоо, бул милдеттенмелерге отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга келип чыгуу фактысы жөнүндө билдирилген камсыздандыруу окуяларына байланыштуу пайда болгон камсыздандыруучунун мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыяндын (залалдын) өлчөмүн баалоо жана аны төмөндөтүү менен байланышкан эксперттик, консультациялык же башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн камсыздандыруучуга зарыл болгон акча каражаттарынын суммасы да кирет;
9) болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви - отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга келип чыгуу фактысы жөнүндө билдирилбеген, отчеттук же ага чейинки мезгилде болуп өткөн камсыздандыруу окуяларына байланыштуу пайда болгон чыгымдарды жөнгө салуу боюнча чыгашаларды кошкондо, камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин баалоо.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө үчүн камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) түзүлгөн келишимдерин эсепке алуу, чыгымдарды жана камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) мөөнөтүнөн эрте токтотулган келишимдерин эсепке алуу, кайра камсыздандырууга кабыл алынган келишимдерди эсепке алуу, кайра камсыздандырууга кабыл алынган келишимдери боюнча чыгымдарды эсепке алуу журналдарын жана башка документтерди жүргүзөт. Аталган журналдар жана документтер ар бир келишим боюнча ар бир отчеттук датага карата маалыматтарды камтыйт жана келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылган датадан тартып камсыздандыруучу тарабынан 6 жылдан кем эмес сакталууга тийиш. Атап айтканда, милдеттүү реквизиттер болуп эсептелген төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган документтер сакталууга тийиш:
1) келишимдин (полистин, күбөлүктүн, квитанциянын) номери;
2) келишим күчүнө кирген дата (камсыздандырууну колдонуу баштаган дата);
3) келишимдин колдонуу мөөнөтү;
4) камсыздандыруу суммасынын (суммаларынын) өлчөмү (өлчөмдөрү);
5) эсептелген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрдүн) өлчөмү;
6) камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмдөрү) эсептелүүчү дата;
7) "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоочу жазуу жүргүзүлгөн камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) өлчөмү;
8) камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) суммасына "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоочу жазуу жазылган дата;
9) камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмдөрүн) төлөөнүн өлчөмү (өлчөмдөрү) жана датасы (даталары);
10) келишим түзүү үчүн эсептелген сый акынын өлчөмү;
11) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган дата;
12) келишимдин шарттары өзгөртүлгөн дата (даталар);
13) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына (шарттары өзгөртүлгөндүгүнө) байланыштуу камсыздандырылуучуларга (кайра камсыздандырылуучуларга) кайтарылып берилген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) өлчөмү;
14) камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмдөрүн) кайтаруу датасы;
15) камсыздандыруу окуясы (окуялары) жөнүндө арыз түшкөн дата (даталар);
16) камсыздандыруу учуру (учурлары) келип чыккан дата (даталар);
17) билдирилген зыяндын (зыяндардын) өлчөмү (өлчөмдөрү), ошондой эле билдирилген зыяндын (зыяндардын) өлчөмүнүн (өлчөмдөрүнүн) аны жөнгө салуу процессинде өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат;
18) камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) датасы (даталары);
19) камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) өлчөмү (өлчөмдөрү);
20) камсыздандыруу төлөмүнөн (төлөмдөрүнөн) баш тартуу датасы (даталары).
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жылдык жыйынды кирешеден камсыздандыруучу резервдик фонддорго чегерүүлөрдүн суммасын ушул Жободо белгиленген ченемдерге ылайык чыгарып салууга укуктуу.