Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы
2025- жылдын 8-июлу № 01-4/3 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө, Борко жана Кыргыз-Ата айылдарынын тургундарынын көрүстөнгө туташ болгон жер аянттарын (үлүш, тамарка) кайра бөлүштүрүү фонд жерине алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын көрүстөнгө туташ болгон
1,32 га тамарка, Кыргыз-Ата айылынын көрүстөнгө туташ болгон 0,36 га үлүш, Борко айылынын көрүстөнгө туташ болгон 1,34 га үлүш жана 0,16 га тамарка болгон жарандардын жерин айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерине алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө, Борко жана Кыргыз-Ата айылдарынын
тургундарынын көрүстөнгө туташ болгон жер аянттарын (үлүш, тамарка) кайра бөлүштүрүү фонд жерине алмаштырууга тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |