Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы
2025- жылдын 8-июлу № 01-4/4 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын №117 контурундагы 0,07 га саздак жайыт жана №122 контурундагы 0,10 га жайыт, жалпысы 0,17 га жер аянтына “Ден-соолукту чыңдоо спорттук комплексин (волейбол залы, ашкана, жуунучу жай) куруу үчүн “Айыл чарба жерлери багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын №117 контурундагы 0,07 га
саздак жайыт жана №122 контурундагы 0,10 га жайыт, жалпысы 0,17 га жер аянтына “Ден-соолукту чыңдоо спорттук комплексин (волейбол залы, ашкана, жуунучу жай) куруу үчүн “Айыл чарба жерлери багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын №117 контурундагы 0,07 га
саздак жайыт жана №122 контурундагы 0,10 га жайыт, жалпысы 0,17 га жер аянтына “Ден-соолукту чыңдоо спорттук комплексин (волейбол залы, ашкана, жуунучу жай) куруу үчүн “Айыл чарба жерлери багытынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б.Дуйшоев |