Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы
2025- жылдын 8-июлу № 01-4/6 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ноокат Кара-Кой жолунун Шибели бөлүмүнүн №243 контурундагы жайыт жеринин таштак 0,17 га жер аянтын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ноокат Кара-Кой жолунун Шибели бөлүмүнүн
№243 контурундагы жайыт жеринин таштак 0,17 га жер аянтын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ноокат Кара-Кой жолунун Шибели бөлүмүнүн
№243 контурундагы жайыт жеринин таштак 0,17 га жер аянтын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |