Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы
2025- жылдын 8-июлу № 01-4/7 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну, Ош шаарындагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эралиев Какан Тороновичке “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын тургуну, Ош шаарындагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Эралиев Какан Тороновичке “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |