Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 6- сессиясы
2025- жылдын 8-июлу № 01-4/7 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө
Айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы кезектеги отурумунун №4 протоколунун корутундусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 2024-жылдын 30-ноябрындагы №1 токтому менен бекитилген Регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
35.6. Айылдык кеңеш айыл өкмөт башчысынын ишинде кеткен катачылыктарга баа берүү менен биргеликте ага “ишенбөөчүлүк” көрсөтүшү мүмкүн.
35.7. “Ишенбөөчүлүк” көрсөтүү үчүн төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш:
- Айыл өкмөт башчысынын ишмердүүлүгүнө баа берүү менен бирге тиешелүү комитеттин отурумунун протоколу айылдык кеңештин сессиясына чейинки бир жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөт башчысына билдирилиши керек;
- Тиешелүү тармактык комитеттин корутундусу же чечими жалпы айылдык кеңештин депутаттарына сессияга чейин таркатылышы керек;
- “Ишенбөөчүлүк” көрсөтүү чечими айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмесинин колдоосуна ээ болушу зарыл;
- “Ишенбөөчүлүк” көрсөтүү үчүн тиешелүү негиздер жана далилдүү себептер көрсөтүлүүгө тийиш.
2.Бекитилген Регламентке ылайык иш алып баруу айылдык кеңешинин төрагасына, оруни басарларына, жооптуу катчысына жана кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Дуйшоев |