Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 7- сессиясы
2025- жылдын 8-августу № 01-4/1 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан “Шевролет-треккер” кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесин аткарууга алып, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 06-август күнү № 01-19/162 сандуу сунуш катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан “Шевролет-треккер” кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алууга макулдук берилсин.
2.Кызматтык автоунаа алууга тиешелүү иш кагаздарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесин аткарууга алууну Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ракишевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |