Загрузка документа…
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) 8- сессиясы
2025- жылдын 14-августу № 01-4/1 Көтөрмө айылы
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак жана Борко айылдарындагы жалпы билим берүү мекемелерин бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 12-августундагы кезектеги отурумунун №5 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак жана Борко айылдарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жайгашуусу, коопсуздук жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу, бир короонун ичинде жайгашып, окутуу базасын биргелешип колдонгондуктан, аталган мекемелерди бириктирүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак жана Борко айылдарындагы жалпы билим берүү мекемелерин бириктирүүгө тиешелүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Кыргыз-Ата айылындагы жалпы билим берүү мекемелерин бириктирүү боюнча сунушту тиешелүү органдарга берүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б.Дуйшоев |