Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-сентябры № 37
Той маареке, салтанаттарга чектөө коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарылгынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасынын талаптарын аткарууга алуу максатында Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” №54 Жарылгынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасынын талаптарын аткарууга алууга колдоо көрсөтүлсүн.
2. Кең-Талаа айыл аймагында өткөрүлүүчү той-маареке, салтанаттар кечки саат 22:00 баштап токтотулсун .
3. Айыл аймактын айылдарындагы айыл башчыларга, активисттер жана той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жана Кең-Талаа аймактык милиция бөлүмчөсүнө той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшүнө көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Джумабаевге жүктөлсүн.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |