Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры № 39
Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик таштанды калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү “Достук”МИ жетекчиси И.Тиллабаевдин 2025-жылдын 14-октябрындагы сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Талаа айыл аймагындагы социалдык мекеме ишканалардын тирикчилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн, ай сайын төмөндөгүдөй жыйымдар алынуусуна макулдук берилсин:
Мектептерден -2500сом
Больница-2500сом,
ГСВ-2500сом,
Бала бакчалар-2500сом,
Юридикалык мекемелерден-2500сом.
2. Кең-Талаа айыл аймагынын айылдарында жайгашкан имараттардын ээлеринен төмөндөгүдөй жыйымдар алынсын:
а) Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак жайлардын ээлеринен (ар бир
түтүндөн) – айына 100 ( жүз) сом;
б) Ишкердик ишке арналган чоң аянттуу (100 чарчы метрден өйдө) коммерциялык имараттардан (соода борборлору, курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрү, тез татым жайлары, жер-жемиш саткан жайлар, кичи ишканалар ж.б.) ээлерине – айына 500 (беш жүз) сом;
в) Кичи аянттагы (100 чарчы метрге чейин) соода жайларынын (контейнер, ларёк, павильон ж.б.) ээлеринен – айына 200 (эки жүз) сом.
3. Кең-Талаа айыл аймагында жайгашкан полигонго таштандыларды ташып келген унаалар үчүн кирүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:
г)Жеңил автоунаалар үчүн – 300 (үч жүз) сом;
д)Жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн – 500 (беш жүз) сом.
4. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу, боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү “Достук” муниципалдык ишканасынын директору И.Тиллабаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кең-Талаа айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |