Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-августу №8/53
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы «Айгүл-Ак-Ниет» бала бакчасынын трансформаторун Кочкор РЭСне өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы «Айгүл-Ак-Ниет» бала бакчасынын электр мамычаларын жана трансформаторун Кочкор РЭСне өткөрүп берүүгө макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы «Айгүл-Ак-Ниет» бала бакчасынын электр мамычаларын жана трансформаторун Кочкор РЭСнин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |