Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырылышынын кезектеги ачык Х сессиясынын
2025-жылдын 13-ноябрындагы № 59-2
“2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсептин киреше бөлүгүн тактоо жөнүндө маалыматты жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын угуп, талкуулап, атайын эсептин киреше бөлүгүнө эки бала бакча боюнча төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин.
Төрт-Гүл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү: 14232400 – Мектепке чейинки жана мектеп билим берүү мекемелеринде кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм — 729,3 миң сом.
2. Атайын эсеп боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү: 70911 (Мектепке чейинки билим берүү), беренеси 2218, элементи 22181100 — 729,3 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |