Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 17-декабры № 12

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12 ай боюнча бюджеттин киреше

жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жөнүндө

 

  Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун 2024-жылдын 12 ай боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)Бюджеттин киреше бөлүгү:

- салык агенти менен төлөнгөн киреше салыгы -2300,0 м.сом

- патенттин негизиндеги салык -220,0 м.сом

- мүлккө, турак эмес имараттарга жана жайларга салык 2гр +1000,0 м.сом

- мүлккө, жеке адамдардын транспорт каражаттарына салык 4 гр.+1000,0 м.сом

- мамлекеттин фондундагы айыл чарба жерлерине ижара акысы +3500,0м.сом

- мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер +60,0 м.сом

- айыл чарба эмес жерлерди сатуу +4000,0м.сом

БАРДЫГЫ                                   7040,0 миң сом

 

2)Бюджеттин чыгаша бөлүгү:

- Раздел 70629 “ Башка турак жай жана коммуналдык тейлөөлөр”

 Статья 3111 7040,0 м.сом

Элемент 31113320 -7040,0 м.сом (Миң-Булак айыл аймагынын жолдорун

 капиталдык оңдоо)

 БАРДЫГЫ: 7040,0 м.сом

 

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.