Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезексиз XIX сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры №2
«Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 17.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7283 сандуу катын Манас шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №42 дарегинде жайгашкан 1680 чарчы метр жер аянтын (идентификациялык номери 3-10-02-0005-1636) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мүлктү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жана Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |