Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырылышынын кезектеги ачык Х сессиясынын
2025-жылдын 13-ноябрындагы № 60-3
«Максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө»
«Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгын негизделип “Элдин жана ишкердик субъекттеринин салык жүгүн азайтуу чаралары жана салык администрлөөнү өркүндөтүү жөнүндө”, Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер 7 128 900 сом келип түштү.»
Төрт-Гүл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 7128900 сом максаттуу трансферттерди төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүү: Петровка айылындагы суу түтүкчөсүнүн агып кетүүсүн алдын алуу, мыйзамсыз таштандыларды жок кылуу жана ички жолдорду учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн.
Бөлүм | Беренe | Элемент | Сумма (сом) |
70629 | 2215 | 22154900 | 2293600 |
| 2221 | 22211200 | 4835300 |
Жалпы: |
|
| 7128900 |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |