Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезексиз XIX сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры №3
«Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №9 токтомунун 1-пунктуна жана 24.10.2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №2 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ»
Манас шаарынын мэриясынын 11.11.2025-жылдагы чыг.№01-18/7127 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 18.11.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №9 токтомунун 1-пунктунун 8-пунктчасындагы “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №151а” деген сөздөр “Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №153а” деп өзгөртүлсүн.
2. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 24.10.2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №2 токтомунун 1-пунктунун 6-пунктчасындагы “Манас шаарынын Лавдан-Кара айылынын Ак Тилек көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан С.Камбаровго таандык (индентификациялык номуру 3-10-01-0022-6761)” деген сөздөр “Манас шаарынын Лавдан-Кара айылынын Ак Тилек көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан С.Камбаровго таандык (индентификациялык коду 3-10-06-1003-2039) деп өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |