Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-августу №8/55
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө келип түшкөн акча каражаттарын бөлүп берүү үчүн Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А. Садыгалиеваннын баяндамасын угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө келип түшкөн 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга бөлүнүп берилсин.
22141200- Лахол айылындагы окуучуларды ташуучу автоунаанын ремонтуна 171 200 (бир жүз жетимиш бир миӊ эки жүз) сом.
22141200- Жер-Көчкү айылындагы окуучуларды ташуучу автоунаанын ремонтуна 74700 (жетимиш төрт миӊ жети жүз) сом.
22214200- Өрнөк айылындагы окуучуларды ташуучу автоунаанын ремонтуна 116200 (бир жүз он алты миӊ эки жүз) сом.
31112224- Ж. Өмуралиев атындагы орто мектебинин көмүр сактоочу жайды куруу үчүн 367200 (үч жүз алтымыш жети миӊ эки жүз) сом
31122290- «Айгүл-Ак-Ниет» бала бакчасына видео көзөмөл алуу, орнотууга 122300 (бир жүз жыйырма эки миӊ үч жүз) сом
22221100- Ж. Мамбетаипов бала бакчасына материалдарды алуу үчүн 81200 (сексен бир миӊ эки жүз) сом
22122900- Байланыш кызматына 400 000 (төрт жүз миӊ) сом
22221100- Өрт коопсуздугуна шаймандарды алуу үчүн 501400 (беш жүз бир миӊ төрт жүз) сом
22221200- «Түндүк-2025» командалык-штабдык машыгууга 80700 (сексен миӊ жети жүз) сом
22211100- Ж. Өмүралиев орто мектебинин ремонтуна 20000 (жыйырма миӊ) сом
22211100-Лахол айылындагы ФАПтын ремонтуна 16200 (он алты миӊ эки жүз)сом
22211100- Ремонт иштерине айыл өкмөтүнө 245700 (эки жүз кырк беш миӊ жети жүз) сом
22221100- Өрнөк айылындагы ФАПка өрт сигнализациясын орнотуу үчүн 104700 (бир жүз төрт миӊ жети жүз) сом
31121290- Өрнөк айылыга айыл чарба техникасын алууга 3000000 (үч миллион) сом
22211100- Лахол айылындагы административдик имараты ремонтто үчүн 198500 (бир жүз токсон сегиз миӊ беш жүз) сом
31112390- Административдик имаратын ремонтто 500 000 (беш жүз миӊ) сом
31113290- Эмгекчил айылына электр мамычаларын алууга 1000000 (бир миллион) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |