Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезексиз XIX сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры №4
«Манас шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелердин
укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 17.09.2025-жылдагы №01-18/5725, 28.10.2025-жылдагы №01-18/6751, 29.10.2025-жылдагы №01-18/6803, 17.11.2025-жылдагы №01-18/7273 сандуу каттары жана ага тиркелген иш кагаздары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 13.11.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы төмөндөгү жеке менчик жер тилкелердин укуктук зонасын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
· Т.Байзаков көчөсүнүн №46 дарегинде жайгашкан К.Рыскуловго таандык жалпы аянты 600 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин “П-1” (өнөр-жай ишканаларынын зонасы) укуктук зонадан “Ж-2” (аралаш кабаттуу турак-жай имараттар зонасы) укуктук зонасына;
· Э.Мырзабеков-1 туюк көчөсүнүн №12А дарегинде жайгашкан М.Бегимкуловго таандык жеке менчик жер тилкесин “С-4” (суу топтоо зонасы) укуктук зонадан “Ж-2” (аралаш кабаттуу турак-жай имараттар зонасы) укуктук зонасына;
· Ж.Бакиев көчөсүнүн №35, №35/1, №35/2, №35/3 даректеринде жайгашкан Б.Ж.Токторбаевге таандык жеке менчик жер тилкелерди “Ц-3” (рыноктор жана дүң соода зоналары) укуктук зонадан “Ж-3” (көп кабаттуу турак-жай имараттар зонасы) укуктук зонасына;
· Мамыр Баатыр көчөсүнүн №28 дарегинде жайгашкан К.Тургунбаевге таандык жеке менчик жер тилкесин “П-1” (өнөр-жай ишканаларынын зонасы) укуктук зонадан
“Ж-2” (аралаш кабаттуу турак-жай имараттар зонасы)” укуктук зонасына.
2. Манас шаарынын мэриясына, Манас шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаардык филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |