Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
I – чакырылышынын кезектеги ачык Х сессиясынын
2025-жылдын 13-ноябрындагы № 62-5
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсептин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсептин киреше бөлүгүн тактоо тууралуу берилген маалыматты жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын угуп, талкуулап, атайын эсептин киреше бөлүгүнө эки бала бакча боюнча төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин.
Төрт-Гүл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү: 14232400 – Мектепке чейинки жана мектеп билим берүү мекемелеринде кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм -200,0миң сом
2. Атайын эсеп боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү: 70911 (Мектепке чейинки билим берүү), беренеси 2218, элементи 22181100 — 200,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |