Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 17-декабры № 13

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 04-ноябрындагы

«Тариф бекитүү жөнүндө» №294 тескемесин бекитүү жөнүндө

 

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун спецтехникалардын көрсөтүүчү тейлөө кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 10-октябрындагы №293 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун 2024-жылдын 04-ноябрындагы «Тариф бекитүү жөнүндө» №294 тескемеси бекитилсин.

2.  Миң-Булак айыл аймагы боюнча төмөндөгүдөй спецтехниканын тейлөө кызматтарына тарифтер бекитилсин:

№

Аталышы

Мото/саат

Сумма

1

Экскаватор МТЗ 82/1 Беларусь

ГОС №0860 ССВ 2015 г.в.

1 мото/саат

1200 сом

2

Экскаватор LTMGLWE-70 ГОС

№08916 CF 2023 г.в.

1 мото/саат

2000 сом

3

Фронталдык жүктөгүч CCCMGL

W500FNrOC№08440СВ 2018г.в.

1 мото/саат

2000 сом

4

Грейдер XCMG GR215A

1 саат

4500 сом

5

Самосвал HOWO T55G 6X4

1 км

170 сом

6

Кран-Манипулятор (жүк

көтөрүүсү 3 тн)

1 саат

2500 сом

3.  Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү төрайымдын орун басары П.И.Лугмага, өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ошондой эле бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.