Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-августу №8/56
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бекитилген сметасынын статьяларын жылыштыруу жөнүндө
Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезексиз сессиясынын №6/37 токтомунун 3111-статьясында турган Мин-Булак таза суу системасына курулуучу 2 996 900 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миӊ тогуз жүз) сом жана №6/39 токтомунун 3111-статьясына турган Мин-Булак таза суу системасына курулуучу 3 603 100 (үч миллион алты жүз үч миӊ бир жүз) сом жалпысы 6 600 000 (алты миллион алты жүз миӊ) сом акча каражытын 3112-статьясына жылыштырып берүүсү боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Статья – 3111-Миӊ-Булак айылынын таза суу системасын куруу үчүн 6 600 000 (алты миллион алты жүз) сом, статья -3112 сатып алууга 6 600 000 (алты миллион алты жүз) сом айыл чарба техникасын жана шаймандарын сатып алууга каралып, жылыштырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |