Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-августу №8/57
Миӊ-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмотүнүн 19-август 2025-жылдагы № 02-2-4/332 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгы жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагында калктын тынчтыгы жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби туурауу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынын түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышын III кезектүү сессиясыны 8/57 токтому менен бекитилди 1-тиркеме
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын
жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө
ЖОБОСУ
1. Жалпы Жоболор;
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3. Жобонун талаптарынын жайылтылбашы;
4. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар
5. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу чаралары;
6. Миң-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын ирээтке келтирүү, көзөмөлдөөчу комиссиялар жана кызмат адамдары
7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
I. Жалпы Жоболор
1.1. Аталган Жобо Миң-Булак айыл аймагынын бардык аймактарында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарылышын камсыз кылууга багытталат жана айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартибин белгилейт, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
II. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби, аткаруу тартиби
2.1 Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобо Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан демилгеленет, Миң-Булак айылдык кеңеши тарабынан бекитилет, Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актыларынын талабына ылайык өзгөртүлүп, толукталашы мүмкүн жана Жобо, Жобонун бекитүү тууралуу айылдык кеңештин чечими расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
2.2 Жобо айыл аймагынын айыл тургундары, коммерциялык, коммерциялык эмес жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.3 долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;
2.4 тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
III. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер (жайлар) жана аймактар
3.1 Айыл аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
-көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, жатаканалар жана жеке турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
-жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
-билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык жайлары;
IV. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
4.1 Белгиленген убакыт аралыгында Жобонун 3-пунктундагы корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- көп кабаттуу турак-жайларды адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
- төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.