Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-сентябры №9/58
Муниципалдык ишкананын бухгалтериясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, «Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 15-сентябрь 2025-жылдагы № 02-2-4/354 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы «Миӊ-Булак тазалык» муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеп жүргүзүү аутсорсинг негизде өтүүгө макулдук берилсин.
2. “Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасы менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда келишимдер түзүлсүн.
3. “Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана аткарылган иштери боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешине бир жылда бир жолу маалымат берүү жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |