Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-сентябры  №9/59   

   

Карабүк участкасынан Кур-Терек участкасына, Көӊлөй участкасынан Оттук айылына, Бейше-Булак участкасынан  Долон ашуусуна чейин жарыктандыруу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

 

            Миӊ-Булак айыл аймагынын Карабүк участкасынан Кур-Терек участкасына, Көӊдөй участкасынан Оттук айылына, Бейше-Булак участкасынан  Долон ашуусуна  чейинки аралыктарды жарыктандыруу үчүн Нарын облустук Теӊир-Тоо фондуна жазылган долбоорун бекитүү максатында  Мин-Булак айыл  өкмөтүнүн 5-сентябрь 2025-жылдагы № 02-2-4/350 кайрылуу каты боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагындагы  Карабүк участкасынан Кур-Терек учаскасына, Көӊдөй участкасынан Оттук айылына, Бейше-Булак участкасынан  Долон ашуусуна чейинки аралыктарды  жарыктандыруу үчүн жалпы наркы 34 350 000 (отуз төрт   миллион үч жүз элүү миӊ) сом каражаты  Нарын облустук Теӊир-Тоо фондунан суралсын. 

2.    Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

3.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

  Төрага

К. Усупов