Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-сентябры №9/60
Бейше-Булактан Долон ашуусуна чейин жакыктандыруу долбоорун бекитүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын Бейше-Булак участкасынан Долон ашуусуна чейин Бишкек-Торугарт жолун жарыктандыруу үчүн Нарын облустук Теӊир-Тоо фондуна жазылган долбооруна өздүк салым катары жол чырактарын казуу жана көмүү иштерин аткаруу максатында Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Бейше-Булак участкасынан Долон ашуусуна чейин Бишкек-Торугарт жолун жарыктандырууда өздүк салым катары айыл өкмөтү тарабынан жол чырактарын казуу, көмүү орнотуу иштери аткарылат.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |