Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезексиз XIX сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры №7
«Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезексиз IX сессиясынын №5 токтомунун 2-пунктунун 1-пунктчасын жана 3-пунктунун 1-пунктчасын жокко чыгаруу жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 28.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6780 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 18.11.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезексиз IX сессиясынын №5 токтомунун 2-пунктунун 1-пунктчасы жана 3-пунктунун 1-пунктчасы жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |