Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-октябры №10/62
Лахол айылындагы Спорт комплекске Арпачиев Төлөбек Муратбековичтин ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы 25-мартындагы №149 Токтомуна ылайык жана «Республикалык Баткен согушунун ардагер кеӊеши» коомдук бирикмеси тарабынан 26.09.2025-ж №09/149 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Лахол айылыдагы спорт комплекс Арпачиев Төлөбек Муратбековичтин ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |