Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеӊеши
XXXI чакырылышы XXIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын ноябрь айынын 28 №31/23-1
Чолпон-Ата шаарынын, Аэропорт көчөсү, 20к дарегинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигиндеги 34 га жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКна өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №01-8/3105 катынын, 2025-жылдын 27-ноябрында Чолпон-Ата шаарынын жарандары менен болгон коомдук талкуулоонун №87 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 17, 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун протоколуна ылайык, токтом кылат:
1.Чолпон-Ата шаарынын, Аэропорт көчөсү, 20к дарегинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигиндеги жалпы аянты 34 га жер тилкесин (идентификациялык коду:2-03-05-0001-3006) “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Чолпон-Ата шаарынын мэриясына: - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинөткөрүп берүүдө жана трансформациялоо иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын;
-Чолпон-Ата шаарынын жашоочуларына ипотекага турак-жай берүүдө шарттарын жеӊилдетүү боюнча “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Жакыпбек уулу Б