Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кенеши
XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын ноябрь айынын 20сы №31/22-1
Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы №01-7/3017 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
-мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын;
-жогорудагы аталган мүлктү Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан айрым мекемелердин (мектептер, бала бакчалар, оорукана, муниципалдык мекемелер) кызматкерлерин убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында, берүү шартын дыкаттык менен карап, тиешелүү Жобо иштеп чыгып, Чолпон-Ата шаардык Кенеши менен макулдашылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Жакыпбек уулу Б.