Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кенеши
XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы
2025-жылдын ноябрь айынын 20сы №31/22-2
Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын 2025-жылдын 11-ноябрындагы №01-13/2610 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен (идентификациялык №2-03-05-0024-2581) Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.
2.Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго:
- мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Жакыпбек уулу Б.