Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-октябры №10/65
Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы Ж. Мамбетаипов атындагы бала-бакчасына кошумча имарат куруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы С. Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы Ж. Мамбетаипов атындагы бала бакчасына кошумча имарат куруу үчүн дем берүүчү (үлуштүк) гранттка өздүк салым катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 4307135 (төрт милион үч жүз жети мин бир жүз отуз беш мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |